Кирүү

Зубков Дмитрий Петрович

Зубков Дмитрий Петрович (1911-жылы туулган, УССРи, Сумы областы, Шалягин району, Семейкин кыштагы) - советтик агроном, 1959-жылдан баштап Кыргызстан машина сыноо станциясынын директору. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948), Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). 1939-жылдан баштап ССКП мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-1945) катышуучусу.

Москва областынын Балашихо шаарындагы Бүткүл союздук айыл чарба институтун бүткөн (1957). 1946-жылы Кант районундагы Фрунзе атындагы кант комбинатынын башкы агроному. Ал 1927-жылы кант кызылчасынын (24 гектар) ар гектарынан 817 центнерден түшүм жыйнап алган. 1963-1967-жылдары Кыргыз ССР ЖСинин депутаты. Эки жолу Ленин ордени, 2 Октябрь Революциясы, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.

Ой-пикирлер