Кирүү

Гемонхоз гельминтоз оорусу

Гемонхоз - кепшөөчү малдын кеңири таралган гельминтоз ылаңы. Жумуру курт (Кыргызстанда дайыма кездешүүчү түрү ) пайда кылат. Узундугу 10-30 миллиметр, кан соруп азыктанат. Малдын жумурунда, ичке ичегисинде мителеп, ургаачысы жумуртка таштайт.

Жумуртка малдын кыгы менен сырткы чөйрөгө чыгып личинкага айланат да, тоют, суу менен кошо малдын ичине кирет. Айрыкча жаанчыл мезгилде ылаң өөрчүйт. Ылаңдуу мал чычкактап арыктайт, кансырап жүнү жыдыйт. Көпчүлүгү өлүмгө учурайт. Алдын алуу: короо-сарайды таза кармоо, сапаттуу тоют берүү, өз убагында жайыт которуу. Дарылоо: малга фенотиазин, тетрамизол жана панакур тоютка кошуп берилет.

Ой-пикирлер