Кирүү

Жалган кычы

Жалган кычы, горчица - кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Мурунку ССРБ нин аймагында 2 түрү бар. Негизинен сарепт жалган кычысы эгилет. Сабагынын бийиктиги 25- 150 сантиметр, бутактуу, түз өсөт. Саадак мөмөлүү, сары күрөң түстө, даамы ачуу. Данында 35-50% май болот. Ал тамак-аш, консерва, парфюмерия өнөр жайында, дары-дармек жасоодо керектелет.

Жалган кычы эгилүүчү негизги аймактар: Төмөнкү Волга бою, Казакстан, Түндүк Кавказ, Новосибирск облусу ар гектарынан 12-15 центнер (кээде 25-27 центнер ) түшүм жыйналат. Жалган кычынын негизги сорттору: Сары уруктуу 230, ВНИИМК (Бүткүл союздук май өсүмдүктөр илим изилдөө институту)-351, ВНИИМК-405 жана башка илдеттери: жалган кебер, дат. Зыянкечтери: кайчы гүлдүүлөр бүргөсү менен канталасы, капуста күбөсү, жалган кычы жалбырак жегичи (коңуз) жана башка.

Ой-пикирлер