Кирүү

Жашылчалар жөнүндө

Жашылча өсүмдүктөрү - ширелүү бөлүгү тамак-ашка пайдаланылуучу эгилме же табигый чөп өсүмдүктөр. 620 түрү (78 тукумга кирет), мурунку ССРБ нин аймагында 60 түрү белгилүү. Анын теңи эгилме, калгандары табигый түрдө пайдаланылат. Жашылча өсүмдүктөрүнүн курамында эң көп витамин, белок, май жана углевод азык заттары, органикалык кислота, минерал заттар бар. Тамак-ашка сабак, жалбырак, жалбырак сабы, кочаны (капуста, шибит, мангольд жана башкалар ), азык тамыры (сабиз, аш кызылчасы, чамгыр, түрп, шалгам жана башка ), пияз түбү (пияз, сарымсак жана башка ) жана башка пайдаланылат.

Бир-эки жана көп жылдык жашылча өсүмдүктөрү бар. Бир жылдык жашылча өсүмдүктөрүнүн (чанактуулар, ашкабак уруусундагы өсүмдүктөр, шалгам жана башка ) өсүү цикли эгилген жылы эле аяктайт. Эки жылдык жашылча өсүмдүктөрүндө (пияз, сарымсак, тамыры азык өсүмдүктөрдүн шалгамдан башкасы, капустанын түстүү жана пекин капустасынан башкасы жана башка ) 1-жылы тамак-ашка пайдаланылуучу бөлүктөрү, 2-жылы уругу пайда болот. Көп жылдык жашылча өсүмдүктөрү (ышкын, козу кулак, эстрагон жана башка ) нечен ирет урук байлайт. Жашылча өсүмдүктөрүнүн көбү жылуу жерде, нымдуу, күрдүү топуракта жакшы өсөт.

Жашылча сактагыч

Жашылча сактагыч -тамыры азык жашылчаларды, капуста жана пиязды сактоочу имарат же башка курулма. Убактылуу жана туруктуу болуп бөлүнөт. Убактылууга траншея жана башка кирет. Алар чарбада туруктуу жашылча сактагычы жок же сактагычы жетишпей калган учурда курулуп, капуста жана башка жашылча сакталат. Туруктуу жашылча сактагыч бир кабаттуу тик бурчтуу болот. Анын ичи темир-бетон каркастуу жана 6X6 метр, 6X24 метр өлчөмүндө тор түрүндө жасалат. Сакталуучу жашылча түрүнө жараша капуста, пияз, кызылча, сабиз жана башка сактагычтарга бөлүнөт.

Колхоз, совхоздордо ортосунда өткөөлү бар жашылча сактагыч курулат. Анын жанына жардамчы имарат куруп анда жашылча сорттоочу имарат жана тамбур (туурасы 12-36 метр, узундугу 24-72 метр, бийиктиги 3,6-4,2 метр ) болот. Сактагычтын дубалы кирпич, таш, бетон блогунан, темир-бетон же металл блогунан тургузулат. Жашылча сактагычта жашылча жүктөө жана түшүрүү жумуштары механикалаштырылат. Сактагычта аба менен нымдуулуктун керектүү режими сакталышы керек. ССРБ де тамыры азык жашылчаларды жана капуста сактагычтардын сыйымдуулугу 250-3000 тонна, пияз сактагычтардыкы 50-1000 тонна болгон . Жашылча сактоо режимин автоматтык жөнгө салгычтар аткарат.

Жашылча сактоо

Жашылча сактоо - узак убакыт бою жашылчаны жаңы бышкан кезиндегидей сактоо. Жашылчадагы процесстерди токтотуу жана микроорганизмдердин өсүүсүн басаңдатууга негизделет.

Ой-пикирлер