Кирүү

Ихтиология илими

Ихтиология - зоологиянын балык изилдөө бөлүмү; тирүү организм катары балыкты, анын сырткы жана ички түзүлүшүн, жашоо өзгөчөлүгүн (азыктанышы, көбөйүшү, миграциясы жана башка ), өзүнчө (онтогенез) жана тарыхый (эволюциясы же филогенез) өнүгүүсүн, таралышын, систематикасын изилдейт. Ихтиология биологиялык илиминин көп бөлүмдөрү (анын ичинде гидробиология) менен тыгыз байланышта.

Ихтиологиянын илим катары өзүнчө бөлүнүшү балыктын эл чарбасындагы чарбалык маанисине байланыштуу. Ихтиология азыркы мезгилде балык чарбасын уюштуруу, балык кармоо жана аны өстүрүүнүн илимий негизин түзөт. Ихтиологиялык изилдөөлөрдүн түр жана өзгөргүчтүк, тирүү организмдин өнүгүшү өңдүү жалпы биологиялык маселелерди чечүүдө да мааниси чоң. Ихтиология боюнча алгачкы изилдөөлөрдү индиялык табият таануучулар жүргүзгөн (биздин заманга чейинки VI кылым). Бирок балык жөнүндө системалуу маалыматтар байыркы грек философу Аристотелдин эмгегинде берилген (биздин заманга чейинки IV кылым).

Балык жөнүндөгү ири изилдөөлөр XVI кылымдын 2-жарымынан жүргүзүлүп, XIX кылымдын башында деңиз жана тузсуз суулардын балыктары жөнүндө көп маалыматтар жыйналган. Бул кезде Россияда балык фаунасын С. И. Клашенинников, П. С. Паллас, И. И. Лепехин жана башка изилдеген. К. М. Бэр жана Н. Я. Данилевский 1851-1857-жылдары Каспий, Азов жана Кара деңиздердеги чарбалык балыктарга изилдөө жүргүзүшкөн. XIX кылымдын аягы -XX кылымдын башында В. К. Бражников, В. К. Солдатов жана П. Ю. Шмидт Ыраакы Чыгыштын деңиздеринде, В. И. Мейснер жана К. А. Киселевич Каспий деңизинде балык ресурстарын изилдешкен.

Азыркы ихтиологиянын өнүгүшүнө Л. С. Бергдин (1876-1950) кошкон салымы чоң. Ал балыктын систематика, экология, зоогеография жана палеонтологиясын изилдеген. Акыркы кезде балыктын морфологиясы, эмбриологиясы, физиологиясы жана биохимиясы жана башка изилденүүдө. Советтик окумуштуулар балыктын жашын жана азыктануусун, көбөйүшүн, таралышын, миграциясын изилдөөнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгышкан.

Балык чарбасында, ихтиологиялык изилдөөлөрдө физикалык, химиялык жаңы жетишкендиктер, чарбалык чалгындоодо гидролокаторлор, балык кармоодо электр жарыгы, балыктын азыктануусун изилдөөдө, балыкты белгилөөдө радиоактивдүү изотоптор колдонулат. Азыркы ихтиологиянын негизги милдеттери: азык-түлүк ресурстарын океан сууларынан көбүрөөк алуу, чарбалык балыктарды өстүрүү, аларды туура пайдалануу, суулардын ихтиофаунасын кайра түзүү принциби жана ыкмаларын илимий негизде иштеп чыгуу.

ССРБ де ихтиологиялык изилдөөлөрдү ССРБ илимдер академиясынын институттары (Зоология институту, Океанология институту, Ички суулардын биологиясы институту жана башка) жана республикалык академиялар, балык чарбасы боюнча илимий изилдөө институттары, көптөгөн жогорку окуу жайлар жүргүзгөн. Кыргызстанда ихтиологиянын өнүгүшүнө Ф. А. Турдаковдун салымы чоң. Кыргыз ССР илимдер академиясынын Биология институту Ысык-Көлдө, Соңкөлдө, Токтогул суу сактагычында жана башка көлмөлөрдө балык чарбасын өстүрүү сунуштарын иштеп чыккан.

Ой-пикирлер