Кирүү

Дан жана дан азыктарын сактоо

Дан жана дан азыктарын сактоо - дан жана дан азыктарынын салмагы менен сапатын сактоо үчүн жүргүзүлгөн чаралардын жыйындысы. Дан жана дан азыктарын сактоо туура уюштурулса дан салмагын, сапатын толук сактап, коромжуга аз учурайт (бир жылда 0,08-0,3% салмак жоготот). Дан сактоодогу негизги режимдер: кургак, муздак жана абасыз сактоо. Кургак сактоодо газ алмашуу жана ным аз болгондуктан, микроорганизм менен дан зыянкечтери активдүү өөрчүбөйт.

Муздак сактоодо температура төмөн (8°С жана андан да төмөн) болгондуктан данда аба аз, муздак болуп, микроорганизм менен курт-кумурскалардын көбөйүүсү токтойт. Абасыз сактоодо кычкылтек болбогондуктан дан зыянкечтери (курт-кумурскалар, кенелер) таптакыр өөрчүбөйт. Мындай сактоо аба кирбеген жайларда (мисалы, силос чуңкуру) гана болот. Дан эгиндери кампа жана складдарда, акшак азыктары кендир мешоктордо сакталат.

Ой-пикирлер