Кирүү

Дарвин коругу

Дарвин коругу - Вологда жана Ярославль облусунда, Молого-Шекснин ойдуңу менен Рыбинск суу сактагычынын акваториясында. 1945-жылы уюшулган. Аянты 112,6 миң гектар. Негизинен мырза карагайлуу токой, кайың, карагай, кара ольха, кара мөмө өсөт.

Бир кыйла жери сормо саз. Айбанаттардан күрөң аюу, кундуз, каш кулак, суусар, арыс, тыйын чычкан, коён, багыш, керең кур, кара кур, токой чили, ак кекилик жана башка мекендейт. Суу сактагычта саз куштары эң көп. Лещ , чортон, судак, окунь жана башка балыктар бар. Дарвин коругунда кара курду көбөйтүү жана эмен токоюн калыбына келтирүү боюнча илимий тажрыйба иш жүргүзүлүүдө.

Ой-пикирлер