Кирүү

Жалбырак чүрүшү

Жалбырак чүрүшү - өсүмдүк илдети. Жалбырак тканында көңдөй дөмпөк пайда болуп, жалбырак бырышып, тармалданып, чүрүшүп, күбүлүп түшөт. Илдетти мите козу карын, вирус, жалбырак ширесин соруучу курт-кумурска, кене пайда кылат. Илдетке көбүнчө шабдалы, кара ольха, ак чечек, кайың, терек, алмурут, дан куурай, карагат, гозо, картошка жана башка өсүмдүктөр чалдыгат. Каршы күрөшүү чаралары: илдеттүү жалбырак, өркүндү тазалап, өрттөө, мөмө даракка эрте жазда бордо суюктугун, шабдалынын бүчүрү көбө баштаганда 0,75-1%жез купоросун жана башкаларды чачуу.

Ой-пикирлер