Кирүү

Жети-Өгүз заказниги

Жети-Өгүз заказниги - Кыргызстандын Тескей Ала-Тоосундагы корук. Жети-Өгүз районунда. Жети-Өгүз суусунун бүт алабын ээлейт. Аянты 30,0 миң гектар. Жери тоолуу. Шалбаалуу токой, субальп жана альп шалбаасы, тоо чокусунда мөңгү бар. Табиятты жана табигый ресурстарды коргоонун эл аралык союзунун жана ССРБ Кызыл китептерине катталган илбирс, тянь-шань күрөң аюусу, ошондой эле азайып бараткан тоо эчки, доңуз, элик, улар, кекилик, кыргоолдорду коргоп, көбөйтүү максатында 1958-жылы уюшулган. Булардан тышкары заказникте сүлөөсүн, карышкыр, суур, кашкулак, чил, тоодак жана башка кездешет. 1940-жылы алып келинген тыйын чычкандар байыр алып көбөйүүдө. Табияты шибердүү. Көк-Жайык түздүгү, кызыл чополуу Жети-Өгүз аскалары, карагайлуу токой, шалбаа ландшафттары менен кооз. Аймагында Жети-Өгүз курорту бар.

Ой-пикирлер