Кирүү

Ат жабдыктарына эмнелер кирет

Ат жабдыктары - ат минүүгө керектелүүчү буюмдар, шаймандар. Ат жабдыктарына: ээр, үзөңгү (боосу менен), канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан (куткуну менен), басмайыл (боосу, көрпөчө бастыргычы, тогоолору менен), желдик, тердик, ичмек, жүгөн (тизгини менен), нокто (чылбыры менен), көрпөчө, ат жабуу кирет. Ат жабдыктарынын эң негизгиси - ээр. Ага үзөңгү, куюшкан, айрым учурда көмөлдүрүк тагылып, унаага басмайыл менен бекитилет; унаа минген киши үчүн отургуч милдетин аткарат.

Ой-пикирлер