Кандалакша коругу
Кандалакша коругу - Мурманск облусунда, Баренц деңизинин Мурманск жээгиндеги архипелаг менен Кандалакша булуңундагы аралдарды ээлейт. 1932-жылы уюшулган. 1951-жылы ага "Жети-Арал" коругу кошулган. Аянты 61 миң гектар. Тундра жана түндүк тайгага мүнөздүү токой дарактары өсөт. Харлов жана Кувшин аралдарынын аскалуу жээктеринде куш базарлары бар. Айбанаттардан багыш, түлкү, коён, суусар, куну, тыйын чычкан, күрөң аюу, сейрек учуроочу куш тумшук тюлень мекендейт.
- Атрофия ткандардын соолуусу (чарбада)
- Вильямс Василий Робертович
- Дары-дармек өсүмдүктөрү
- Ат конок өсүмдүгү
- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы
Ой-пикирлер