Кирүү

Айыл чарба ишканаларынын кооперациясы

Айыл чарба ишканаларынын кооперациясы - жер, эмгек ресурстарын, материалдык-техника каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана илим-техника прогресстин жетишкендиктерин кеңири жайылтуу максатында айыл чарба ишканаларынын каражаттарынын бириктирилиши.

Айыл чарба ишканаларынын кооперациясы негизги айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык негизде чыгарууга которуу үчүн шарт түзүп, айрым ири чарбаларда гана эмес, кооперацияга катышкан бардык чарбалардын дыйканчылыгында, мал чарбачылыгында индустриялык типтеги тынымсыз технологияны өздөштүрүүгө көмөк болот. Ошону менен катар айыл чарба ишканаларынын кооперациясы социалдык чоң маселени: колхоз өндүрүшүнүн өнүгүшүн, айыл чарбасында коомдук катнаштардын өсүшүн, социалдык менчиктин эки формасынын жакындашын, шаар менен кыштактын ортосундагы олуттуу өзгөчөлүктөрдүн жоюлушун тездетет.

Чарба аралык кооперация өндүргүч күчтөр айыл чарба өндүрүшүн уюштурууга сапаттуу жаңы кайра куруучу мамилени талап кылган, ал эми өндүрүштө экономикалык өсүштүн интенсивдүү факторлору басымдуу мааниге ээ боло баштаган мезгилде өнүгөт. Айыл чарба ишканаларынын кооперациясынын негизги өзгөчөлүгү ага катышкан чарбалар экономикалык абалына карабастан, топтоо, адистештирүү процесстерине катыша баштоо менен илим-техника жетишкендиктердин жогорку деңгээлиндеги орток өндүрүштү түзүүгө тартылат. Бул чарбалардын экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн теңелиши менен эмгекчилердин эмгек шартын жакшыртууга, оор кол эмгегин азайтууга, келечекте өндүрүштү комплекстүү механикалаштыруу жана автоматташтыруунун негизинде толук кыскартууга шарт түзөт. 1985-ж. 10293 чарба аралык ишкана болуп, ага 172 миң чарба катышкан.

Ой-пикирлер