Кирүү

Көчөт тиккич

Көчөт тиккич - жашылча, тамеки, жемиш жана башка өсүмдүктөрдүн көчөтүн отургузуучу машина. Көчөт тиккичтин негизги тетиктери: дөңгөлөктүү рама, көчөт тиккич аппарат, сошник, көмгүч, аппараттарды кыймылга келтирүүчү механизм, суу челеги, көчөт текчеси, маркер. ССРБ де негизинен эки, төрт, алты катарлуу СРДН-2А, СКНБ-4, СКН-6 жана РПШ-4 жана башка маркасындагы көчөт тиккич чыгарылган. Алар тракторлорго чиркелет. СРДН-2А көчөттү катарлап же чарчылап тигет. Иштөө ылдамдыгы 0,5-0,21 гектар/саат. Агрегатты 3 жумушчу жана тракторчу тейлейт. Төрт катарлуу СКНБ-4 машинасынын өндүрүмдүүлүгү 0,1-05 гектар /саат . Аны 7 жумушчу жана тракторчу тейлейт. Алты катарлуу СКН-6А машинасы чоң аянтта жашылча өстүрүүчү чарбада колдонулат. Саатына 0,18-0,63 гектар жерге көчөт тигет. Аны 10 жумушчу жана тракторчу тейлейт.

Ой-пикирлер