Кирүү

Делафондиоз ыланы

Делафондиоз - ай туяктуу малдын гельминтоз ылаңы. Delafondia vulgaris нематодасы пайда кылат. Курту агыш-саргыч келип, эркегинин узундугу 14-16 миллиметр, ургаачысы 20- 24 миллиметр. Көбүнчө жылкы ылаңдайт. Курт жоон ичегинин чычыркай майындагы кан тамырларда мителейт.

Жоон ичегиде ургаачысы жумуртка таштап, ал эки стадиядан өтүп чоңоёт. Личинкалары малдын тезеги менен кошо сыртка чыгат. Айрым курттары боор, өпкө, лимфа түйүнгө өтүп, канды уютат. Делафондиоз бардык жерде кездешет. Ылаң оор жана жеңил түрдө өтөт. Чоң жылкылардын чычыркай майындагы кан тамырды личинка бөгөп, жылкы тынчсызданып, жаталактайт. Ичи көөп, денеси калтырап, карышып өлүмгө учурайт.

Дарылоо үчүн фенотипазин колдонулат. Ылаңдатпоо үчүн малды бир жылда эки жолу (апрель-октябрь) гельминтсиздендирүү, ошондой эле корооса-райды, урунган куралдарды таза кармоо, жылкы асыроодо жайытты алмаштырып туруу керек.

Ой-пикирлер