Кирүү

Данчы дуулдак коңузу

Данчы дуулдак - дуулдак коңуздар тукумундагы коңуз. Күздүк буудай менен кара буудайдын коркунучтуу зыянкечи. Дене узундугу 14-16 миллиметр, личинкасы 25 миллиметр. Коңузу, личинкасы дан өсүмдүктөрдүн жалбырак, сабак, данын жейт. Жумурткасын (80- 100 дөн) топуракка таштайт. Анда личинкага айланып, кыштайт. Жаз алды менен куурчакчага айланып, 12-14 күндөн кийин коңуздар чыгат.

Данчы дуулдак жылына бир жолу тукумдайт. Данчы дуулдак зыян келтирген эгин уйпаланып куурап, айдоодо такыр жер пайда болот. Ал Украинанын түштүк жагында, Түндүк Кавказ, Орто Азияда; Кыргызстандын Жаңы-Жол, Калинин, Москва, Кант, Кемин райондорунда кездешет. Данчы дуулдакты техин чымыны, жырткыч дуулдактар жок кылат. Каршы күрөшүү чаралары: күздүк үрөндү таза сактоо жана башка.

Ой-пикирлер