Кирүү

Кыргызстан шабдалы сорту

Кыргызстан - шабдалы сорту. Кыргыз ССР илимдер академиясынын Ботаника багында чыгарылган. Суукка чыдамдуу, мол түшүмдүү, калың шактуу, жалбырагы чоң, көк жашыл, 6-жылы мөмөлөйт. Мөмөсү ири, сүйрү, орточо салмагы 200 грамм, ширелүү, даамы кычкыл ширин, сентябрдын башында бышат. 10 күнгө чейин жаңы бойдон сакталат. Кабыгы жука, көк саргыл.

Ой-пикирлер