Кирүү

Агрардык өнөр жай ишканасы

Агрардык өнөр жай ишканасы — составында өнөр жайлык өндүрүшү (айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуу боюнча) бар айыл чарба ишканасы. Ага штаттагы туруктуу кызматчылар айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуу, идишке салуу-таңгактоо, сактоо, ошондой эле ошол чарба адистешкен тармактардын биринен алынган продукциянын кеминде 25%ин кайрадан иштеп чыгуу жумуштарын аткарган колхоз, совхоз, үй куш фабрикасы, совхоз, завод, чарба аралык ишканалар жана башка кирет.

Өндүрүштүк-чарбалык совхоз жана башка мамлекеттик чарбалар социалисттик мамлекеттик өндүрүштүк ишкана жөнүндө жобону, колхоз — Колхоздун үлгү уставын, чарба аралык иш-каналар айыл чарбасында чарба аралык ишкана (уюм) жөнүндө жалпы жобону жетекчиликке алышат. Өнөр жай өндүрүштүк бөлүмү айыл чарба продукциясын кайрадан иштеп чыгуудан башка иштерди аткарган (мисалы, мебель жасоо, эл керектөөчү товар чыгаруу ж. б.) чарбалар агрардык өнөр жай ишканаларынын тобуна кирбейт.

Ой-пикирлер