Кирүү

Гемпшир кой породасы

Гемпшир кою - эт-жүн багытындагы кой породасы. Өгө эттүүлүгү менен айырмаланат. Англиянын Хэмпшир (Гемпшир), Уилтшир жана башка графтыктарында XIX кылымдын 1-жарымында жергиликтүү кылчык жүндүү койду жана кара төбөл аргын койлорун саутдаун кою менен аргындаштыруудан чыгарылган.

Тез жетилип, бат семирет. Кочкорунун орточо тирүүлөй салмагы 90-110 килограмм, соолугунуку 70-75 килограмм. Соолугунан 3-4 килограмм, кочкорунан 5-6 килограмм жүн кыркылат. Жүнүнүн узундугу 7-8 сантиметр, ичкелиги 50-58-сапатта. Ар жүз койдон 150гө чейин козу алынат. Англия, АКШ, Аргентина, Австралия жана башка өлкөлөрдө асыралат. ССРБ де горький коюн жана литва кара төбөл коюн чыгарууда пайдаланылган.

Ой-пикирлер