Кирүү

Кычы өсүмдүгү

Кычы - кайчы гүлдүүлөр тукумунун капусталар уруусундагы бир же эки жылдык чөп өсүмдүк. Уругунан май алуу үчүн өстүрүлөт. Ичке өзөк тамырлуу. Сабагы (бийиктиги 1 метрдей) тик, бутактанып өсөт, боз чаңгыл кебер менен капталган. Ылдыйкы жалбырактары саптуу, жогоркуларынын сабы жок. Гүлү сары, жыттуу, узун чачык сымал. Мөмөсү - саадак (узундугу 3-5 сантиметр), уругу майда, кара күрөң, тоголок. 1000 уругунун салмагы 1,5-3,2 грамм . Кычынын жаздык жана күздүк түрү бар. Жаздык кычынын уругунда 29-34%, күздүк кычынын уругунда 45% май болот. Ал самын кайнатуу өнөр жайында, майлоочу майга кошунду катары пайдаланылат. Тазаланган майы тамак-ашка кошулат. Кычы баалуу өсүмдүк. Кычы Афганистан, Индия, Иран, Кытай, Европада дан өсүмдүк катары эгилет. СССРде Армения менен Орто Азиянын тоолуу жерлеринде өсөт. Гектарынан 15-16 центнерден урук алынат. Зыянкечтери: жер бүргө, рапс шиш тумшугу; кычы дат илдетине чалдыгат.

Кычы жалбырак жегичи

Кычы жалбырак жегичи - жалбырак жегичтер тукумундагы коңуздар уруусу. Денеси (узундугу 4-7 миллиметр) кара көк же көгүш жашыл. Кайчы гүлдүүлөр, жашылча жана май алынуучу өсүмдүктөргө өзгөчө кычыга олуттуу зыян келтирет. Үч түрү бар: батыш кычы жалбырак жегичи, чыгыш кычы жалбырак жегичи жана Сибирь кычы жалбырак жегичи. Жылына бир жолу тукумдайт.

Ургаачысы 2300 дөй жумуртка таштайт. Жумурткадан (5-8 күндөн кийин) личинкалар чыгып, кычынын жалбырак, богок гүлүн жеп, айрым учурда түшүм алынбай калат. Коңузу топурак коңулунда (10-20 дан топтошуп) кыштап, эрте жазда чыгып, эрте чыккан отоо чөп, кийин эгилме кайчы гүлдүү өсүмдүктөрдүн жалбырагы менен азыктанат. Каршы күрөшүү чаралары: кычы жалбырак жегичи пайда болгон айдоого хлорофос, метофос жана башка чачуу, кайчы гүлдүү отоо чөптөрдү жок кылуу жана башка.

Ой-пикирлер