Кирүү

Ветеринария аптекасы

Ветеринария аптекасы - дары даярдоочу, сактоочу, мал доктурдун рецепти боюнча дары берүүчү мекеме. Эки түргө бөлүнөт: 1) мал ылаңын алдын алуу, дарылоо боюнча станцияга караштуу ветеринардык аптека - ушул мекемеге тиешелүү гана малдын ылаңын дарылоо үчүн дары даярдап берет; 2) зооветеринария жабдуу системасынын ветеринардык аптекасы - колхоз, совхоз жана дарылоо мекемелерин ветеринардык аспап, дары-дармек жана башка менен жабдыйт.

Ой-пикирлер