Кирүү

Ботаникалык бак

Ботаникалык бак - Кыргыз ССР илимдер академиясынын алдында 1938-жылы Фрунзеде уюшулган. 1964-жылдан баштап Кыргыз ССР ине караштуу илимий изилдөө мекеме. Аянты 185 гектар. Негизги милдети: дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде өскөн өсүмдүк түрлөрүнүн коллекциясын түзүү, байырлаштыруу, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун чыгарып, эл чарбасында пайдалануу. Эки участкадан ("эски", "жаңы") турат. "Эски" Ботаникалык бак - дендрарий - корук.

Мында Крым жана Кавказ, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш, чет өлкөлүк Азия, Европа жана Түндүк Америка, ошондой эле Орто Азия жана Кыргызстан ботаникалык-географиялык секторлору бар. Сейрек кездешүүчү гинго, метасеквоя, мандалак дарагы, алма, четин, катын жаңгак жана башка өстүрүлөт. "Жаңы" Ботаникалык бакта дарак жана бадал түрлөрү уруусуна (40 уруу) жараша тигилген. Анда теректин 115, долононун 84, кайыңдын 60, табылгынын 53, кызыл карагайдын 30, ак чечектин 29 түрү бар. Алманын эң көп түрү өстүрүлөт.

Ботаникалык бакта гүл, жемиш багы да өстүрүлөт. Гладиолустун Кызыл гүл, Айчүрөк, Ала-Тоо оттору, Бүбүсара, Асел, Кыргызстан; алманын Токтогул, Рашида, Кыргыз кыштыгы, Чолпонбай, кайналынын Береке, Кыял, Суворовчу сорттору чыгарылган. Ботаникалык бак 48 өлкөнүн 280ден ашык Ботаникалык бактары менен урук, көчөт алмашып турат. Бакта бардыгы 5500дөн ашык өсүмдүк түрү (анын ичинде 600 гө жакыны Орто Азия, Кыргызстанга таандык) өстүрүлөт.

Ой-пикирлер