Кирүү

Гаур жаныбары

Гаур - көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жапайы жаныбар. Дене узундугу 3 метр , өркөчүнүн бийиктиги 160-180 сантиметр, салмагы 1 тоннага жетет. Мойну кыска, жазы маңдай, мүйүзү чоң, узундугу 83 сантиметрдей . Ургаачысы кичирээк. Үйүр-үйур болуп жашайт. Өңү кара күрөң, боору саргыч күрөң, буттары агыш, жүнү кыска, коюу, бир аз тармал. Гаурлар Индиянын тоолуу жана адырлуу токойлорун мекендейт, Инди-Кытай менен Бирмада да кездешет. Чөп, жалбырак жейт. Жалкы тууйт. Эти даамдуу, териси баалуу. Аңчылык кылынат. Азайып кеткендиктен коргоого алынып, негизинен улуттук парктарда гана калган.

Ой-пикирлер