Кирүү

Кереңкур

Кереңкур - тоок сымалдар түркүмүнүн каракурлар тукумундагы ири куш. Эркек, ургаачысы, чоңдугу жана түсү боюнча айырмаланат. Эркегинин дене узундугу 56-85 сантиметр, салмагы 4,0-6,5 килограмм. Кара же кара күрөң түстө. Алкымынын жүнү узун. Жону, куйругунда боз тилке тактары бар. Көзүнүн үстү жагы кызыл. Ургаачысы кичирээк, дене узундугу 58-68 сантиметр, салмагы 1,7-2,2 килограмм.

Чаар, жон жагы кара күрөң, туурасынан саргыч күрөң тилкелери бар, боор жагы саргыч, ак жана кара ичке тилкелери болот. Евразиянын токой зонасында кездешет. Крым, Кавказ, Орто Азияда жок. Ийне жалбырактуу дарактардын жалбырагын, бүчүр, чөп, мөмө-жемиш, уруктарды, ошондой эле түрдүү курт-кумурскаларды, алардын личинка, куурчакчаларын жейт. Кышында кардын ичинде түнөп, өтө суукта күндүз деле жата берет. Уясын көмүскө жерге салып, 4-9 жумуртка тууйт. 27-28 күн басат. Жөжөлөрү жумурткадан чыгып, кургагандан кийин эле чоңдорун ээрчип кетет. Кереңкурга аңчылык кылынат.

Ой-пикирлер