Кирүү

Коңур топурак

Коңур топурак - ак кылкан-бетегелүү жана бетеге-шыбактуу кургак талаа жана жарым чөл топурак тиби. Коңур топурак Түркия, Монголия, Түндүк Кытай, АКШ, Аргентина жана башка көп кездешет. Мурунку ССРБ нин аймагында Казакстан, Украинанын түштүгү, Волга боюнун кургакчыл райондору, Түндүк Кавказ, Батыш Сибирь жана башка жерлерде бар. Коңур топурактуу зонанын климаты кескин континенттүү, кургакчыл келет. Коңур топурактын өзгөчөлүктөрү: биологиялык активдүү (органикалык заттарынын ажыроо) мезгили кыска, шортоң, комплекстүү келип, сууга жуулбайт, нымы жетишсиз.

Коңур топуракта карбонаттар көп; эригич туздардын болушу анын шор жана шортоң топуракка айланышына алып келет. Коңур топурактын тике профилинин үстүңкү А катмары (горизонту - чиринди топтолгон бөлүгү) 13- 25 сантиметр, коңур түстө. В катмары 45-60 сантиметр тереңдикке жетет, кара күрөң түстө. Карбонаттуу катмары 55-75 сантиметрге жетет, куба күрөң түстө. Коңур топурак ачык, нукура жана кара коңур топуракка (типчелерге) айырмаланат.

Ачык коңур топуракта 1,5-2,5%, нукура коңур топуракта 2,5-3,5%, кара коңур топуракта 3,5-4,5% чиринди болот. Коңур топуракта 0,1-0,2% азот, 0,05-0,15% фосфор кычкылы жана 1,0-2,0% калий болот. Кыргызстандын жалпы жер аянтынын 12 пайызга жакыны коңур топурактуу келет. Тоонун коңур топурагы өрөөндөгүгө караганда чириндилүү, күрдүү келип, жайыт, чабынды жана кайрак жер түрүндө пайдаланылат. Өрөөндөрдөгү коңур топурактуу сугат жерде буудай, беде, эспарцет, картошка өстүрүлөт.

Ой-пикирлер