Кирүү

Даргын өсүмдүгү

Даргын - кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир, эки жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Жалбырагы түктүү, эки ача, кезектешип жайгашкан. Гүлү кош жыныстуу, чачы топ гүл. Мөмөсү - саадак, уругу бир уяга эки катар жайгашкан. Даргындын 100 түрү бар, Түндүк жарым шардын жылуу жана мелүүн алкактарында таралган. Мурунку ССРБ нин аймагында 70, анын ичинде Кыргызстанда 12 түрү өсөт.

Балдуу өсүмдүк, кооздук үчүн да өстүрүлөт. Айрым түрлөрүнөн дары (боз даргын , маршалл даргыны , алтай даргыны ) алынат. Боз даргындын курамында жүрөк гликозиди - эризимин бар. Андан алынган дары (спирттеги тундурмасы) жүрөк-кан тамыр, нерв ооруларын дарылоодо пайдаланылат. Уругунан өнүп чыгат. Кургакчылыкка чыдамдуу. Боз даргындын эгилме түрү Украина, Кавказда өстүрүлөт. Гүлдөгөндө машина менен чабылып, көлөкөдө (кургаткычта) кургатылат. 1 гектар жерден 10-40 центнер түшүм алынат. Даргындын айрым түрү уулуу, каз, коён уугат.

Ой-пикирлер