Кирүү

Геодезия тууралуу

Геодезия (грекче жер бөлүштүрүү) - жер түзүлүшүн жана өлчөмүн үйрөнүү, жер бетин картага түшүрүү, ошондой эле инженериялык, экономикалык жана башка практикалык маселелерге байланыштуу жер бетинде ченөө жумуштарын жүргүзүүнү изилдөөчү илим. Геодезия байыркы заманда эле жер ченөө, план жана карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Мурунку ССРБ де Улуу Октябрь социалдык революциясынан кийин геодезиянын өнүгүшүндө жаңы этап башталган.

РСФСР ЭКСинин Декрети боюнча Жогорку геодезиялык башкармасы уюштурулган (кийин ССРБ МСине караштуу Геодезия жана картография башкы башкармасы). 1926-жылы триангуляция түзүү методикасы жана мензулалык сүрөткө тартуу ишке ашырылган. Кийин ССРБ дин бардык аймагын камтыган 1:100000 масштабдагы топографиялык карталар түзүлгөн. Айыл чарбасында жер бетиндеги, жер астындагы координаталарды мүнөздөөчү карта, план, ошондой эле сандык материал кеңири пайдаланылат.

Карта менен пландар жерди эсепке алуу, чарба аралык жана чарба ичинде жер жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө зарыл. Булар эрозияга каршы чараларды өткөрүүнүн, агротокой мелиорация, сугат жерлер, канал, дренаж, айылдык калк жашоочу пункттарды пландаштыруунун топографиялык негизин түзөт. Геодезия өлкөдөгү колхоз менен совхоздорду жер жайгаштыруу жана мелиорация боюнча план жана карталар менен камсыз кылган. Геодезия иштерин ССРБ МСине караштуу Геодезия жана картография башкы башкармасы, "Сельхозаэросъёмканын" агрогеодезиялык ишканалары, жерге жайгаштыруу жана мелиорация органдары жүргүзүшкөн.

Ой-пикирлер