Кирүү

Кой чарбасы

Кой чарбасы - мал чарба тармагы. Жеңил өнөр жайына кой чарбасы эң баалуу чийки зат - жүн, тери, көрпө, ошондой эле маанилүү азык-түлүк - эт, май, сүт берет. Кой чарбасынан алынган сырьёнун ичинен эл. чарбасында эң маанилүүсү - жүн. Өлкөнүн жүн кездеме чыгаруучу өнөр жайлары накта жүндүн 95% ын жыл сайын кой чарбасынан алат. Жүн бышыктыгы, чоюлгучтугу, гигроскопиялык жана башка техника касиеттеринен улам жүн кездеме, тор кездеме, килем, кийиз жана башка жасоодо кеңири пайдаланылат. Кой терисинен тон, мех, көрпөсүнөн мех буюмдары (тумак жана башка) жасалат, сүтүнөн быштак, сыр жана башка сүт азык-түлүктөрү даярдалат. 1961-1965-жылдары дүйнөдө 1017 миллион, 1978-жылы 1055 миллион кой болгон.

1961-1965-жылдары 2,6 миллион тонна, 1978-жылы 2,59 миллион тонна жүн кыркылып алынган. Ушул эле жылдары дүйнөдө 5,6 миллион тонна жана 5,5 миллион тонна кой эти даярдалган. Айрыкча кроссбред кой чарбасы тез өнүгүүдө. Кой чарбасы эң байыркы убактан бери, башкача айтканда адам баласы койду колго көндүрүп (бакмалаштырып), андан алынган азык-затты пайдалана баштагандан тартып белгилүү. Эң алгачкы кылчык жүндүү койлор түп тамырынан өзгөртүлдү жана жакшыртылды. Алгачкы уяң жүндүү кой биздин заманга чейинки мезгилде эле (бир нече кылым мурда) Кичи Азияда, каракөл Кою (көрпө багытындагы) Орто Азияда чыгарылган.

XVIII- XIX кылымдарда Улуу Британияда тез чоңоюп жетилүүчү бир өңчөй жундүү кой породасы чыгарылып, ал азыркы чала уяң жүндүү эт-жүн багытындагы кой чарбасынынын өнүгүшүнө негиз болгон. Революцияга чейин Россияда кой чарбасы негизинен кылчык жүндүү болуп, уяң жүндүү койлор өлкөнүн түштүгүндө айрым помещиктердин чарбаларында асыралган. 1916-жылы Россияда 89,7 миллион кой (анын 6% дайы уяң жүндүү) болгон; 1913-жылы 192 миң тонна жүн кыркылган. 1919-жылы уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү жөнүндө декрет кабыл алынгандан тартып, кой чарбасы түп-тамырынан өзгөрүлүп, адистештирилген ири кой өстүрүү чарба, мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү рассадник жана асыл тукум кой өстүрүү совхоздору уюшулган; койду колдон уруктандыруу ыкмалары иштелип чыгып, ишке ашырылган; мамлекеттик пландын негизинде продукттуулугу төмөн соолук койлорду эт, жүндү жана башка көп берүүчү койлордун кочкору менен сиңирме аргындаштыруу иштери жүргүзүлгөн; кой асыроо жана тоюттандыруу шарты жакшыртылган.

Мындай иш-чараларды жүргүзүү койдун көбөйүшүнө, породасынын жакшырышына, азыктуулугунун жогорулашына жана башка мүмкүндүк болду. ССРБ де негизги кой чарбалуу аймактары: Волга бою, Түндүк Кавказ, Орто Азия (анын ичинде Кыргызстан), Казакстан; кой чарбасы Сибирдин көп жерлеринде тез өнүккөн. 1941-жылы ССРБ де 80 миллион, 1961-жылы 133 миллион, 1971-жылы 138 миллион, 1981-жылы 141,6 миллион, 1987-жылы 142,2 миллион кой болгон. 1940-жылы 161 миң тонна, 1960-жылы 339 миң тонна, 1970-жылы 402 миң тонна, 1980-жылы 443 миң тонна, 1985-жылы 442 миң тонна жүн (физикалык салмакта) кыркылып алынган. Кыргызстанда мал чарбасынын негизги тармагы - кой чарбасы. Койдун саны боюнча ССРБ де 3-орунду (РСФСР менен Казакстандан кийин) ээлеген. Мында негизинен уяң жүндүү кой өстүрүлөт.

1975-жылы Кыргызстанда 9654,1 миң, 1980-жылы 9824,6 миң, 1985-жылы 9838 миң кой асыралган. 1975-жылы 32082 тонна, 1980-жылы 34057 тонна, 1984-жылы 36343 тонна, 1985-жылы 32500 тонна жүн даярдалган. Кой чарбасындагы негизги оор жумуш - кой кыркыны -95% дан ашуун механикалаштырылган. Негизги даяр азыгына жараша кой чарбасы бир нече багытта болот: уяң жүндүү, чала кылчык жүндүү, кылчык жүндүү, кой чарбасы. Кылчык жүндүү кой чарбасы көрпө, тондук тери, эт-май, эт-жүн жана эт-жүн-сүт багытындагы кой чарбаларына бөлүнөт. Өлкөдө бул багыттагы кой порода өзгөчөлүгүнө, зонанын табигый шартына, кой чарба продукциясын керектөөлөргө жараша мамлекеттик план боюнча райондоштурулат.

Уяң жүндүү кой негизинен Түндүк Кавказда, Волга боюнун түштүгүндө, Сибирь жана Казакстанда, Кыргызстанда; чала уяң жүндүү кой РСФСРдин кара топурактуу жана кара топураксыз зоналарында, Орто Волга боюнда, Украинада (чала уяң жүндүү кроссбред кой чарбасы Казакстан, Сибирь, Уралда өнүккөн); чала уяң жүндүү кой Түркмөнстанда, Закавказье, Казакстандын жарым чөл жана тоолуу аймактарында; көрпө жана эт-май багытындагы кой - Орто Азия жана Казакстанда; тондук тери алынуучу койлор РСФСРдин борбордук кара топурактуу зонасында, түндүк-чыгыш аймактарында жана Уралда; эт-жүн-сүт багытындагы кой Түндүк Кавказ, Закавказьенин тоолуу жерлеринде, Балтика боюнда, Сибирде; эт-жүн багытындагы кылчык жүндүү койлор негизинен РСФСРдин Европа бөлүгүнүн борбордук райондорунда асыралган. ССРБ де койдун 70 тей порода жана породалык тобу, анын ичинде уяң жүндүү койдун 24, чала уяң жүндүү койдун 22 породасы багылган.

Алардын эң көп таралгандары: советтик меринос, аскания кою, кавказ уяң жүндүү кою, алтай кою, прекос кою, каракөл кою, цигай кою, эдилбай кою. Кыргызстанда кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою чыгарылган. Койду көбөйтүү, анын продуктуулугун арттыруу, породасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар белгиленген. Туруктуу тоют базасын түзүү (жайытты жакшыртуу, тоюттун көп жылдык запасын түэүү, бүртүктөлгөн кесек тоютту көп топтоо жана башка ), кой өстүрүүнү ургаалдаштыруу, өндүрүш процесстерин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар ишке ашырылууда.

Кой чарбасын ургаалдаштыруу кой өстүрчү чарбаларды адистештирүү, комплекстүү-механикалаштырылган кой чарба фермаларын түзүү, койдун мурдагы порода жана породалык линияларын жакшыртуу, жаңы порода чыгаруу жана башка жол менен ишке ашырылууда. Кой чарбасы боюнча илимий изилдөө иштерин Кой жана эчки чарба институту, Каракөл кой чарба институту, Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институту жана башка ; айыл чарба жогорку окуу жайлары, анын ичинде Кыргызстан айыл чарба институту жана башка жүргүзөт. Айыл чарба жогорку жана атайын орто окуу жайларында кой чарбасы атайын зоотехния илим тармагы катары окутулат. Чет өлкөлөрдөн кой чарбасы Австралияда (1978-жылы 131,5 миллион кой болуп, 677 миң тонна жүн кыркылган), Аргентинада (34 миллион, 160 миң тонна), Жаңы Зеландияда (50,3 миллион, 310 миң тонна) жана башка жакшы өнүккөн.

Ой-пикирлер