Кирүү

Керимсел

Керимсел - жай мезгилинде болуучу ысык (20-25°), кургак (салыштырма нымдуулугу 30%тен төмөн) жел. Мурунку ССРБ нин аймагында Европа бөлүгүнун талаа жана жарым чөлдүү жерлеринде (айрыкча Каспий бою ойдуңунда), Казакстанда, Батыш Сибирдин түштүгүндө көп болот. Керимсел антициклондун чет-жакаларында пайда болуп, негизинен чыгыш жана түштүк тарапка секундасына 5 метр ылдамдыкта согот. Керимсел топурактагы нымды тез буулантып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн суу жана нымдуулук режимин бузат. Айрым учурда өсүмдүктү солутуп, кууратат. Керимселдин зыяндуу таасирине каршы коргоо токой тилкесин тигүү, кар топтоо, таза буулантма айдоо жана башка агротехникалык иштер жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер