Кирүү

Балмуздак деген эмне

Балмуздак - сүт, каймак, май, мөмө-жемиш, шире жана башкаларга кант, даамдуу жана жыпар жыттуу заттар кошулуп тоңдурулуп жасалган таттуу тамак. Балмуздактын даамы жагымдуу, калориялуулугу жогору жана сиңимдүү келет. Анын көп түрүндө белок, май, углевод, минералдык туздар жана витаминдер бар. Балмуздак жасоодогу негизги чийки зат - сүт азыктары, ошондой эле кант, шире, жемиш, кыям, шоколад, жаңгак, бадам, цукат, жумуртка, жыпар жыттуу заттар жана башкалар болуп саналат.

Булардан белгилүү рецепт боюнча аралашма даярдалып, ал пастерленет жана гомогендештирилет; муздаткандан кийин фризерде тоңдурулуп, аба ширетилет. Бул "жумшак" балмуздакта суунун 60 пайызга чейинкиси майда музга айланып, температурасы -4, -5°С ге жетет. Ал калыптарга салынып, андан ары тоңдурулат. Мында температура -10, -20°С ге жетет. Мурунку ССРБ аймагында балмуздак 1932-жылдан бери өнөр жайлык негизде чыгарылат.

Ой-пикирлер