Кирүү

Гетероплоидия

Гетероплоидия (гр. getero- башка, ploos - эселенген жана eidos - түр), анеуплоидия - хромосома жыйындысынын (геномдун) ага бир же андан көп хромосома кошулушуна же кемишине байланыштуу өзгөрүшү. Кишинин хромосома ооруларынын (мисалы, Даун оорусунун) негизинде гетероплоидия кубулушу жатат. Гетероплоидия өсүмдүк генетикасы менен селекциясында хромосомадагы гендердин жайгашышын аныктоо жана ген менен хромосомалардын ордун которуштуруу, башкалары менен алмаштыруу үчүн колдонулат.

Ой-пикирлер