Кирүү

Балыкчы колхозу

Балыкчы колхозу - коомдук өндүрүш каражаты жана коллективдүү эмгектин негизинде балык чарбасын жүргүзүүчү ыктыярдуу бириккен балыкчылардын кооперация уюму. Балыкчы колхозунун иши Балыкчы колхозунун үлгү уставына ылайык жүргүзүлөт. Балыкчы колхозуна балык чарбалык аймактар акысыз жана мөөнөтсүз бекитилип берилет. Балык чарбалык флот, балык кармоо куралдары, чарбалык механизмдер жана колхоздун балык чарбасына байланыштуу ишканалар, имарат, трактор, комбайн жана башка машиналар, транспорт каражаттары, мал балыкчы колхозунун менчиги болуп эсептелет.

Балыкчы колхозу ээлеген жер да ал колхозго мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берилет. Балыкчы колхозунун жалпы чогулушу жылдык өндүрүштүк планды, колхоз башкармасынын жылдык отчётун жана башкаларды бекитет. Балыкчы колхозунун өндүрүштүк иши балык өстүрүү жана даярдоо боюнча мамлекеттик планды аткарууга багытталган. Колхоздо баштапкы уюштуруу-өндүрүштүк бирдик - балык кармоо бригада жана звенолору, чарбалык кеменин экипажы. Азыркы балыкчы колхозу - жылына миллион центнер балык даярдоочу көп тармактуу механикалаштырылган ири чарба.

Ой-пикирлер