Кирүү

Кыргызстан айыл чарба институту

Кыргызстан айыл чарба институту - К. И. Скрябин атындагы 1933-жылы ачылган. 1937-жылга чейин зооветеринария институту аталып (2 факультет: зоотехния жана ветеринария), 1944-жылы К. И. Скрябиндин ысымы берилген. Азыр 6 факультети (агрономия, ветеринария, гидромелиорация, зооинженерия, айыл чарбанын механикалаштыруу, экономика), ошондой эле айыл чарба жетекчи кадрлары менен адистеринин билимин жогорулатуу факультети жана сырттан окуу, даярдоо бөлүмү, аспирантурасы, окуу тажрыйба чарбасы, китепкана (китеп фондусу 628 миң нуска) бар.

Институт илимий даража жактоо диссертациясын кабыл алат. Анда 47 кафедра, 90 лаборатория бар. 1986/1987-окуу жылында 5485 студент, анын ичинде 2415 студент сырттан окуган. Илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары: жер семирткичтер системасын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү, кант кызылчасынын уругун сээп, 2-жылы андан үрөн алуу; уй жана кой тукумун асылдандыруу; үрөн дарылоону механикалаштыруу, сугат системасын жана сугатты автоматташтыруу жана башка 1939-жылдан илимий эмгегинин жыйнактары чыгарылат.

Институттун ветеринардык клиникасы, виварийи, стадиону, 2 кышкы спорт залы, институт тарыхынын музейи, Ысык-Көлдө ден соолук чыңдоо-спорт лагери бар. Башкы окуу корпусунун алдына К. И. Скрябиндин эстелиги, институттун имаратына академик М. Н. Лущихинге арналган мемориал такта орнотулган. Институт "Ардак Белгиси" ордени менен сыйланган (1983).

Ой-пикирлер