Кирүү

Заказник деген эмне

Заказник - табият комплексинин белгилүү бир тармагы - өсүмдүк, бардык айбанаттар же алардын айрым гана түрү коргоого алынуучу аймак. Мурунку ССРБ нин аймагында 3 миңдей заказник (аянты 29 миллион гектарга жакын), Кыргызстанда 68 заказник бар. Мурунку ССРБ нин аймагында заказниктин төмөндөгүдөй түрлөрү бар: аңчылык заказниктери (баалуу айбанат жана куш түрлөрүн коргоо максатында түзүлөт. Мындай заказниктерде 10 жыл же андан да көп мезгилге чейин мергенчилик кылууга тыюу салынат); балык чарба заказниктери (балык урук таштоочу жерлер, баалуу жаш балыктар корголот); ландшафт заказниктери (эстетикалык жактан чоң мааниси бар, эс алуу жана туризм үчүн пайдаланылуучу дарыя, көл жээктери корголот); токой, талаа жана саз заказниктери (илимий иш жүргүзүү, сейрек учуроочу өсүмдүктөрдү коргоо жана башка максатта түзүлөт); геологиялык заказниктер (баалуу, сейрек учуроочу үңкүрлөр, фауна жана флора калдыктары табылган жерлер кирет); гидрологиялык заказниктер (өзгөчө гидрологиялык режими бар көлдөр кирет).

Тарыхый-мемориалдык мааниге ээ аймактарды коргоо үчүн да заказниктер түзүлөт. Табигый заказниктер союздук республикалардын МСинин токтому, жергиликтүү Советтин чечими менен уюштурулат. Алардын иштөө режими республикалык өкмөт, жергиликтүү Советтин аткому тарабынан белгиленет. Заказниктин аймагында заказникке жүктөлгөн милдетке каршы келүүчү чарбалык бардык ишке тыюу салынат.

Ой-пикирлер