Кирүү

Күкүрт жер семирткичтери

Күкүрт жер семирткичтери - күкүрт кислотасынын туздары жана күкүрттүн башка бирикмелери. Топурактагы күкүрт бактерияларынын таасиринен күкүрттүү тоо тектер күкүрт кычкылынын туздарына (негизинен гипс-Са304 кө) чейин кычкылданып, андан күкүрт өсүмдүккө сиңет. Шор жана шортоң топуракка күкүрттүү тоо тектер күзгү тоңдурма же жазгы айдоодо же культивациялоодо чачылат. Фосфогипс, көмүр кычкыл калий, магний, аммоний, натрий бисульфаты, суперфосфат, органикалык жер семирткич (кык, компост) да өсүмдүк үчүн күкүрттүн булагы боло алат.

Жылына жаан-чачын менен кошо ар гектар жерге 8 килограммга жакын S03 түшөт. Күкүрт жер семирткичтери эгилме өсүмдүктүн көбүнө, өзгөчө кайчы гүлдүүлөр, чанактуулар жана күн карама үчүн натыйжалуу. Аларда күкүрт көбүрөөк болуп, аны фосфордон кем эмес сиңиришет. Күкүрт жер семирткичи топурактын жегичтүүлүгүн бир аз өлчөмдө нейтралдап, кыйындык менен эрүүчү фосфаттардын сиңимдүүлүгүн, Са, К, Мg, Редин эригичтигин күчөтөт. Бирок күкүрт жер семирткичинин ашыкча болушу топуракты өтө кычкылдантып, нитрлөө процессин басаңдатат, топурактын органикалык затынын минералдашын кечиктирет.

Ой-пикирлер