Кирүү

Чарба дары-дармек каражаттары

Дары-дармек каражаттары , дарылар - ылаңды алдын алуу, басаңдатуу жана дарылоодо колдонулуучу заттар. Дары-дармек каражаттары кээде малды тез жетилтүү жана кунардуулугун арттыруу үчүн да пайдаланылат. Дары-дармек өсүмдүктөрүнөн, жаныбарлардан алынган (фермент жана гормон дарылары), минерал тектүү (көмүр, нефть иштетүү заттары ), ошондой эле микроорганизмдер аркылуу (антибиотиктер, айрым витаминдер) жана химиялык синтезделип (сульфаниламиддер жана башка ) алынган дары-дармек каражаттары болуп айырмаланат.

Алардын химиялык түзүлүшү ар түрдүү - өтө жөнөкөй элементтен татаал комплекстүү бирикмеге (алкалоид, гликозид) чейин. Дарылоо таасири боюнча 2 чоң топко бөлүнөт: айрымдары организмдин белгилүү физиологиялык системасынын ишин оңойт, башкалары жугуштуу же инвазиялуу ылаңдардын козгогучун жок кылат.

Дары-дармек каражаттарынын өлчөмү (дозасы) малдын түрүнө, жашына, салмагына, жынысына, дарынын түрүнө, организмге кирүү же андан чыгуу жолуна жана башка жараша болот. Дары-дармек каражаттары организмге ичеги-карын, дем алуу жолу, тери, тери асты, булчуң, вена, артерия, ич көңдөйүнө куюу аркылуу киргизилет.

Ой-пикирлер