Кирүү

Антракноз өсүмдүк илдети

Антракноз дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрүнүн илдети. Аны жетиле элек мите козу карындар пайда кылат. Илдетке чалдыккан өсүмдүктүн сабак, жалбырагында кара так, бүдүр пайда болот. Көбүнчө жаңгак, жүзүм, карагат, барсылдак, буурчак, чай жана цитрус өсүмдүктөрү чалдыгат да алар начар өсүп, жалбырактары куурайт. Түшүмү азайып, сапаты начарлайт.

Антракноз илдеттүү үрөн, өсүмдүк калдыгы, топурак, суу; курт-кумурска, шамал аркылуу тарайт. Антракноз мелүүн климаттуу зоналарда болот. Антракноз Орто Азияда, Казакстанда жаанчыл жылдары өтө көбөйөт. Каршы күрөшүү чаралары: өсүмдүктү туура которуштуруп айдоо, таза сорт эгүү, жазында дарак жана бадалдын илдеттүү бутактарын кыркып, өрттөп, калдыгын жок кылуу; жайкысын бордос суюктугун же аны алмаштыруучу химикат чачуу.

Ой-пикирлер