Кирүү

Жергиликтүү алык-салык

Жергиликтүү алык-салык - жергиликтүү бюджеттин кирешесине түшүүчү жыйым. ССРБ ЖСинин Президиумунун 1942-жылдын 10-апрелдеги указына ылайык имарат салыгы, жер рентасы, жол катнаш каражатынын жана колхоз базарында төлөнүүчү жыйым белгиленген. Кооператив ишканасы же уюму жана граждандар өзүнө таандык имарат куруу үчүн салык төлөйт, мамлекеттик ишкана, мекеме же уюм мындай салыктан бошотулат. Өлкөдө жер алык-салык боюнча көп жеңилдик берилген. ССРБ де жер алык-салык мамлекеттик бюджеттен аз орун ээлеген . Капиталисттик өлкөлөрдө жергиликтүү бюджеттин негизги булагы болуп эсептелет.

Ой-пикирлер