Кирүү

Алма мөмөчүлү

Алма мөмөчүлү - жалбырак түргүчтөр тукумундагы көпөлөк; алмурут, кайналы, шабдалы, өрүк, жаңгак, өзгөчө алмага чоң зыян келтирет. Канатынын жайылган узундугу 14-21 ммдей, алдыңкы канаты бозомук, кара, учунда күрөң кызгылт тактары болот. Алма мөмөчүлү алма өскөн жердин бардыгында таралган. Малагы сөңгөктө, куураган кабык коңулунда, жаракада, топуракта, пилланын ичинде кыштап, жазында куурчакчага айланат. Көпөлөгү алма гүлдөп бүтөөрдө чыгат. Бир ургаачысы 100-180 жумуртка таштайт. Кыргызстандын тоолуу жерлеринде бир, өрөөндөрүндө эки, түштүктө 3 жолу тукумдайт.

Алма мөмөчүлүнүн малагы мөмөнү көзөп кирип, уругун жейт да тешип сыртка чыккандан кийин куурчакчага айланат. Алма мөмөчүлүнөн жабыркаган мөмө быша электе күбүлөт, бышканы жакшы сакталбайт. Каршы күрөшүү чаралары: жаз алды менен дарактын сөңгөгүн, куураган бутак, кабыгын тазалоо, энтобактерин же 0,2%түү фозалон чачуу, алма сакталуучу жайды таза күтүү.

Ой-пикирлер