Кирүү

Балык питомниги

Балык питомниги - көлмөдө балык өстүрүүчү ишкана. Көлмөдө балыкты (бакма каңылтыр, дөң маңдай балыгы, таман балык жана башка түрлөрү) тукумдатып, чабагын чоңойтуп, балык чарбаларына берет. Мурунку ССРБ де чарбалык жактан баалуу бир жылдык балыктарды - каңылтыр, таман балык жана башка өстүрүүчү балык питомниги көп уюшулган. Каңылтыр өстүрүүчү балык питомнигинин көпчүлүгү көлмө балык чарбасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Көлмө балык чарбасында балыктын атайын түрүн өстүрүүгө адистешкен көлмөлөрдүн бардыгы чарбанын питомниги деп аталат. Чарбада балык питомнигине балык уругун таштоочу, балык өстүрүлүүчү, балык кыштатылуучу, тукумдук балык сактоочу, карантиндик көлмөлөр кирет. Мурунку ССРБ де балык питомниктери жылына 5 миллиондой бир жылдык каңылтыр балыгын өстүрөт. Балык питомнигиндей эле иштер балык заводдорунда да аткарылат. Каңылтыр балык питомнигинин бир тобу көлмөлөрдө жана айрымдары заводдо балык өстүрүү ыкмаларын комплекстүү пайдаланууга өткөн.

Ой-пикирлер