Кирүү

Дизентерия ыланы

Дизентерия малда, чычкак - ичегинин шүүшүңдөп сезгениши нен пайда болуучу жугуштуу ылаң. Көбүнчө козу жана торопой ылаңдайт (чычкактайт). Козу дизентериясы . Ылаң козгогучу - микроб. Көбүнчө 1-5 күндүк козулар ылаңдайт. Ылаңдаган козудан жем чөп, сүт, суу аркылуу жугат. Ылаңдын буктурма мезгили бир нече саатка гана созулат. Ылаңдуу козу сүт эмбей, жаталактайт. Денеси ысып (41 °С), демигет, жүрөгү тез-тез согот. Чычкактайт, заңы саргайып кээде кан аралаш өтөт. Козунун шайы кетип, көбүнчө өлүмгө учурайт.

Ылаңдуу козуну өзүнчө бөлүп, дизентерияга каршы кан сары суусун, антибиотиктер (синтомицин, биомицин) менен 4-7 күн дарылайт. Козу турган короо-сарай тазаланып, дезинфекцияланат. Жаңы туулган козуга 2 саттан кийин теринин астына 5 миллилитр кан сары суусу куюлат. Дизентерия болтурбоо үчүн чарбадагы кой тууруна 20- 30 күн калганда 2 миллилитр , 10-12 күн калганда 3 миллилитр вакцина куюлат.

Ой-пикирлер