Кирүү

Кыюу асты жана үстү

Кыюу асты

Кыюу асты - кыйыштырылган мөмө дарагынын астыңкы бөлүгү. Кыюу асты кыйыштырылган өсүмдүктүн тамыр системасын (жербайын) түзөт. Кыюу асты жана кыюу үстү биригип өсүп, бирдиктүү өсүмдүк организмин пайда кылат, бирок ар башка кызмат аткарышат: кыюу асты өсүмдүктү минерал зат, суу, синтезделген органикалык зат менен, кыюу үстү - ассимиляция продуктулары менен жабдыйт. Кыюу асты дарак өстүрүлүүчү жердин топурак-климат шартына жакшы ыңгайлашкан, суукка чыдамдуу, түштө кургакчылыкка туруктуу, ага кыйыштырылган сортко ылайык келиши керек.

Кыюу үстү

Кыюу үстү - 1) бир өсүмдүктүн башка өсүмдүккө (кыюу астына) кыйыштырылуучу калемчеси же көзчөсү (кабыгынын бүчүр менен кошо кесиндиси). 2) Өсүмдүктүн кыйыштырылган калемчеден же көзчөдөн өсүп чыккан жер үстүңкү бөлүгү. Кыюу үстүнүн сапаты кесилип алынган өсүмдүккө (түшүмдүү, илдетсиз жана ыңгайсыз шартка туруктуулугуна) жана сактоо шартына жараша болот.

Ой-пикирлер