Кирүү

Жылкы чарбасы

Жылкы чарбасы - мал чарба тармагы. Жылкы чарбасы Европа менен Азияда биздин заманга чейинки 4 миңинчи жылдыкта пайда болгон. Африкага жылкы Кичи Азиядан биздин заманга чейинки 2 миңинчи жылдыкта тараган; Америкага биздин замандын XVI кылымында, Австралияга XVII кылымда алып келинген. Колго үйрөтүлө баштагандан тартып жылкы күч-унаа катары айыл чарба жумуштарына пайдаланылып, армияда чоң роль ойногон. Көптөгөн байыркы элдерде (скиф жана башка) жылкы чарбасы калкты эт, сүт, тери жана унаа менен камсыз кылуучу маанилүү тармак болгон.

Адам баласы эң байыртадан эле жылкы тукумун жакшыртып, жылкынын жаңы породаларын чыгарып келген. Жылкы чарбасынын өнүгүшүндө жылкынын негизги 3 тиби (миңги, чегилме, оор жүкчүл) түзүлүп, бул типтердин ичинде 200 дөн ашуун жылкы породасы жана породалык топтору чыгарылды. Жылкы породалары айрыкча XVII-XVIII кылымдарда көп чыгарылган.

Бул мезгилде чыгарылган жылкы породаларынын азыр да мааниси чоң; Россияда - дон, орлов таскакчылы жана башка ; чет өлкөлөрдө - таза кандуу миңги, оор жүкчүл шайыр, суффолк жана башка (Улуу Британия); таскакчылдар: америка таскакчылы (дүйнөгө белгилүү таскакчыл жылкы), норфолк (Улуу Британия), англис-норманд жылкысы (Франция); оор жүкчүлдөр: брабансон, арденна, першерон жана башка 1930-жылы дүйнөдө 120 миллион, анын ичинде мурунку ССРБ нин аймагында 32,6 миллион жылкы болгон.

Ой-пикирлер