Кирүү

Куш жүнү

Куш жүнү - сырткы чөйрөнүн жагымсыз таасиринен (мисалы, суук, ысык жана башка) куштун денесин сактап, туруктуу температура болушуна көмөк берет, анын учушун, сууда сүзүшүн жеңилдетет. Тоок жүнү өрдөк менен каз жүнүнөн айырмаланып, узун келет. Мекияндын жүнү короздун жүнүнө караганда тез өсөт. 2 айда жөжөнүн тыбыт жүнү түшүп, катуусу менен алмашылат. Сууда сүзүүчү куштарда тыбыт жүн өмүр бою сакталат. Куш жүнү пигмент менен жүндүн физикалык структурасына жараша ак, кара, кызыл, сары, боз жана башка түстө болот. Куш жүнүнөн көбүнчө жаздык даярдалат.

Ой-пикирлер