Кирүү

Аткана, өлчөмдөрү, түрлөрү

Аткана - жылкы багылуучу жай. Типтүү долбоор боюнча курулат. Асыл тукум жылкылар үчүн аткана жана күч унаа катары пайдаланылуучу жылкылар үчүн атканага бөлүнөт. Жылкы чарбасын өстүрүүгө адистештирилген чарбаларда аткана айгыр, асыл тукум бээ, кулун-тай жана кунандар үчүн өз-өзүнчө салынат. Асыл тукум жылкы үчүн курулган атканада тукумдук айгыр жана бээлер тегерете курчалган бир аттык акырга бош коюлуп, кулун-тайлар топ-тобу менен өз алдынча жайларда багылат.

Акырлардын стандарттуу өлчөмү 3,5х3,5 м. Күч унаа катары пайдаланылуучу жылкыларга салынган атканада жылкы акырга байлап багылат. Акырдын стандарттуу өлчөмү: 1,7х3 м жана 1,6х2,85 м. Акыр аткананын дубалын бойлото адатта эки катар салынып, алардын ортосунда кык жана жем-чөп алып өткөндөй узата тилке калат. Атканада манеж (80-90 м2), араба жабдыктарын сактоочу жайлар жана башка болот. Айрым акырлуу аткана 40 жылкыга, жылкы топ-тобу менен багылуучу аткана 100 жылкыга ылайыкталып курулат.

Ой-пикирлер