Кирүү

Кысыр калуу

Кысыр калуу - тубар малдан пландаштырылган төлдүн толук алынбай калуусу. Кысыр калуу жыл аягында пландаштырылган төлдөн алынбай калган төлдүн процентин чыгаруу жолу менен аныкталат. Кысыр калуунун негизги себептери: колдон уруктандырууну уюштурууда жана жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтер (урук алууда ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталбашы, колдон уруктандыруунун туура эмес жүргүзүлүшү, куут планынын жоктугу, кысыр малды өз убагында куутка кошпоо жана башка ); малдын төлдөө жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу (туура тоюттандырбоо, ылаңдоо, малдын карышы жана уругунун төл алууга тубаса жарамсыздыгы жана башка ).

Кысыр эмди деп - кысыр калган энесин эмген тай же торпокту айтабыз.

Ой-пикирлер