Кирүү

Коңгуроо гүл

Коңгуроо гүл, кампанула - коңгуроо гүлдүүлөр тукумундагы бир, эки жана көп жылдык чөп өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 10-150 сантиметр. Сабагы тик, төшөлүп же сойлоп өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, узундугу 2-20 сантиметр. Гүлү коңгуроо сымал кооз, өңү ак, көк, кызгылт көк. Коңгуроо гүлдүн 350 дөй түрү белгилүү. ССРБ де 150 түрү кооздук үчүн өстүрүлөт. Парк, бактарда бийик (шабдалы жалбырактуу, бозомтук ак гүлдүү) жана жапыз (карпат) коңгуроо гүлдөрү өстүрүлөт. Кыргызстандын бардык шаарларында коңгуроо гүлдөрү гүлзарларда кооздук үчүн эгилет. Айрым түрлөрү (топ коңгуроо гүлү, сибирь коңгуроо гүлү жана башка) отоо чөп, айдоо, шалбаа, бак, огороддордо өсөт. Каршы күрөшүү чаралары: жерди (25- 30 сантиметр) тоңдурма айдоо, гербициддерди чачуу жана башка.

Ой-пикирлер