Кирүү

Вавилов Николай Иванович

Вавилов Николай Иванович (25. 11. 1887, Москва - 26. 01. 1943, Саратов) - советтик генетик, өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча илимпоз, географ, селекциянын азыркы илимий негизин, эгилме өсүмдүктүн пайда болушу, алардын географиялык таралышы жөнүндөгү илимдин негиздөөчү. Мурунку ССРБ де биологиялык, айыл чарба илимдерин жолго коюучулардын бири. ССРБ илимдер академиясынын (1929) жана УССР илимдер академиясынын (1929) академиги, ВАСХНИЛдин академиги (1929) жана биринчи президенти (1929-1935), Бүткүл союздук географиялык коомдун президенти (1931-1940). ББАКынын (1927-1929), ССРБ БАКынын (1926-1935) мүчөсү.

1911-жылы Москва айыл чарба институтун (азыркы К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы) бүтүп, ал институттун дыйканчылык кафедрасына калтырылган. Саратов университетинин профессору (1917), 1921-жылдан баштап Петроградда Колдонмо ботаника жана селекция бөлүмүнө (1930-жылдан баштап Бүткүл союздук өсүмдүк өстүрүүчүлүк институту; бул институтту 1940-жылдын августуна чейин жетектеген) башчы болгон.

1919-1920-жылдары Вавилов ССРБ нин Европа бөлүгүнүн түштүк-чыгышын изилдеп, Волга бою жана Заволжьенин бардык эгилме өсүмдүктөрү боюнча маалымат берген. 1925-жылы Хива оазисине (Орто Азия) экспедицияга чыккан. 1920-1940-жылдары өсүмдүк ресурстарын изилдөө боюнча Жер Ортолук деңиз өлкөлөрүнө, Эфиопия, Батыш Кытай, Япония, Афганистан, Корея, Түндүк, Борбордук жана Түштүк Америкага илимий экспедицияларды уюштурган.

Ой-пикирлер