Кирүү

Бухгалтерия эсебинин счёттору

Бухгалтерия эсебинин счёттору - чарба каражаттарынын кыймылын жана алардын түзүлүү булактарын өзгөрүшүн көрсөтүүчү жадыбал. Айыл чарба ишканасы күн сайын чарбалык операцияларды жүргүзөт, атайын белгилүү документтерге катталат. Чарбалык операциялар маанисине жараша группа, түрү жана беренелер боюнча топтоштурулат. Маалыматтарды системага салуу бухгалтерия эсебинин счёттору аркылуу жүргүзүлөт. Счёттор чарба каражаттары, иштеринин түрү боюнча акчалай жана накталай көрсөткүч боюнча ачылат.

Счёттордун эки жагы (бөлүгү) болот: бир жагы (сол)-дебет, экинчи жагы (оң)- кредит. Максаты жана структурасы боюнча счёттор негизги жөндөөчү, операциялоочу, баланстоочу топко, ал эми негизги счёттор активдүү жана пассивдүү болуп бөлүнөт. Активдүү эсеп - чарба каражаттары, пассивдүү счётто - чарба каражаттарынын булактары эсептелет, ошондой эле бухгалтердик эсебинде аналитикалык жана синтетикалык счёттор да колдонулат.

Аналитикалык эсептеги жазуу оперативдүү башкарууда кеңири колдонулат. Синтетикалык счёттордун жыйынтыгы көбүнчө аналитикалык эсеп жана отчёт түзүүдө пайдаланылат. Бухгалтерия эсебинин счёттору өлкөнүн борбордук статистика башкармасынын макулдугу менен өлкөнүн финансы министерствосу бекиткен бирдиктүү эсеп планынын негизинде жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер