Кирүү

Куурай

Куурай - шакардуулар тукумунун баялыштар уруусундагы чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрүнүн жалпы аты. Алар: орус баялышы, дөң баялышы, тунук баялыш жана эртечил баялыш жана башка. Куурай көбүнчө кумдак, кургак жерде өсөт. Бийиктиги 5-100 сантиметр. Сабагы түбүнөн бутактанып өсөт. Куурай өсүп жетилгенден кийин түбүнөн үзүлүп, шамал аркылуу кыйла жерге тарайт. Жазында мал (жылкы, кой, эчки) жакшы оттойт. Гүлдөгөндөн кийин өтө катууланып, мал оттобойт. Тоют үчүн гүлдөгөнгө чейин жыйналат.

Ой-пикирлер