Кирүү

Бөжөк багуу

Бөжөк багуу - бөжөктүн салмагы 45 күндө 800- 900 граммга, ал эми 4-5 айда 3,7-4,0 килограммга жеткидей шарт түзүү керек. Бөжөк 60-70 грамм салмакта кызыл эт туулуп, 18-20 күнгө чейин энесин гана эмет. Андан кийин энеси жеген тоюттан да жей баштайт. Күнүнө аз-аздан 3 маал тоют, 2 маал суу берилет. 45 күндөн кийин энесинен бөлүп, өзүнчө клеткага багылат.

Ар бир 5 күндө рациону өзгөртүлүп, күнүнө 4-5 жолу тоюттандырылат. Салмагы 2,8-3,0 килограммга жеткенде (110-115 күндө) союлуучу бөжөктөр 6-7ден энеси менен бирге кармалып, энесине берилүүчү тоют 15 пайызга көбөйтүлөт. Энесинен бөлүнүп өзүнчө кармалган бөжөктөрдүн ар бирине орто эсеп менен 175 граммдан төмөнкү айкалышта тоют берилет: кышында - дандуу чөп 40%, тамыры азыктары 15%, концентрат 45%; жайында - дандуу чөп 55%, концентрат 45%. Суткасына 3 жолу тоюттандырылат. Бройлер бөжөктөр (ак великан, совет шиншилласы жана башка түрлөрү ) 60-65 күндө салмагы 1,8-2,0 килограммга жетип, союуга жарайт. Азыр бройлер бөжөктөргө бүртүктөлгөн тоют берилет.

Бөжөктөө

Бөжөктөө - коёндун төлдөшү. Адатта коён бөжөгүн 30 сутка көтөрөт; 6-8 (кээде 14-19) бөжөк тууйт. Бөжөктүн саны аз болсо 1-2 сутка кеч, көп болсо 1-2 сутка эрте бөжөктөйт. Бөжөктөөгө 2-3 сутка калганда коён самандан (же башкадан) уя жасап, ага өз тыбытын төшөй баштайт. Эгер уя жасабаса (көбүнчө жаштары) кол менен жасап коюу керек. Коён көбүнчө түнкүсүн же эртең менен бөжөктөйт. Клеткада сөзсүз таза суу же кар болушу керек, анткени коён өтө чаңкап, төлүн жеп коюшу мүмкүн.

Ой-пикирлер